Өзбекстанда үлпөт той учурунда жубайын башка чапкан жигит жазага тартылган жок. Сот мындай чечимди кыздын дооматы жоктугунан улам чыгарганын Өзбекстандын жергиликтүү басылмалары жазышты.
Административдик сотто ал коомчулуктан кечирим сурап, мындай көрүнүш экинчи кайталанбайт деп убада берген.
"Өзүмдү кармай албай калдым. Ал жерден бул түшүнбөстүк чечилип, той уланды. Мен жубайымдан кечирим сурадым. Мындай экинчи кайталанбайт", - деген.
Кыздын апасы күйөө баласы кечирим сураганын тастыктаган. Ал ошондой эле той күйөө баласынын жакындары кечирим сурагандан кийин уланганын айткан.
Белгилей кетсек, бул видео чоң резонанс жаратып, Өзбекстанда гана эмес, чет өлкөлөрдө да кызуу талкууга алынып, телеканалдардан активдүү көрсөтүлгөн.