"Netflix" компаниясынын эки актёру съёмка учурунда жол кырсыгына кабылып каза болду

"Netflix" компаниясынын актёрлору Раймундо Гардуньо Круз жана Хуан Франсиско Гонсалес Агилара съёмка учурунда жол кырсыгына кабылып каза болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, окуя 17-июнь күнү Мексикадагы Төмөнкү Калифорния жарым аралында болгон. Анда алар бара жаткан кичи автобустун айдоочусу рулга ээ боло албай унаа ала салып кеткен. Жыйынтыгында актёрлор Раймундо Гардуньо Круз жана Хуан Франсиско Гонсалес Агилара каза болуп, тартуучу топтун дагы алты мүчөсү жаракат алган.

Учурда окуя боюнча иликтөө иштери жүрүп жатканы айтылат.

Ошондой эле "Netflix" жана "RedRum" продюсердик компаниясы сериалды убактылуу токтоткону маалымдалат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан