Таң эрте Бишкектеги кампадан өрт чыкты (видео)

Бишкекте кампадан ири өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Алдын ала маалымат боюнча, Биринчи Май районуна караштуу Көлмө конушунун Жаз көчөсүндө жайгашкан кампадан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Өрттү өчүрүүгө ӨКМдан жалпы 7 өрт өчүрүүчү бөлүм, 1 суу ташуучу унаа, Штаб, ККББдан ыкчам топ тартылган. Өрт саат 08:08де чектөөгө алынып, учурда өрттү толук өчүрүү иш-чаралары уланууда.

Кошумча маалымат берилет.

Видео
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан