Ооганстандын түштүк-чыгыш аймагындагы Пактика провинциясында очогунда күчү 6,1 баллга жеткен жер титирөө катталып, анын кесепетинен кеминде 255 адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмаларда жазылды.
Маалыматка караганда, жер титирөө Пактика провинциясынын Бармала, Зирук, Нака жана Гаян райондорунда катталган. Жер силкинүүнүн кесепетинен 255 адам каза болсо, 155 адам ар кандай жаракаттарды алышкан.