Бишкек шаарында бала бакчадан өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Ленин районунда жайгашкан М.Фрунзе менен К.Тимирязев көчөлөрүнүн кесилишинде "Дастан" бала бакчасынын имаратынан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
"Өрттү өчүрүүгө саат 13:06да, 13:14тө, 13:28де кошумча бөлүмдөр тартылган. Өрттү өчүрүүгө ӨКМдан жалпы 3 өрт өчүрүүчү бөлүм тартылды. Кошумча маалымат берилет", - деп жазылган маалыматта.