Ош шаарында жолдо бара жаткан оор жүк ташуучу унаа оодарылып кетип, жол жээгиндеги адамдарды басып калган.
Такталган маалыматка ылайык, Ош облусунун Кара-Суу районунун Нариман Жаңы-Маала айылынын Касымбеков көчөсүндө HOWO үлгүсүндөгү көмүр жүктөгөн унаа жолдон чыгып, оодарылып 6 адамды басып калган.
Кулаган унааны кран менен көтөргөндөн кийин 2 аял, 3 кичинекей кыз жана 1 ымыркай каза болгондугу аныкталды.
Жерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен ыкчам топ, 1 кран жана 9 куткаруучу тартылган.
Алар каза болгон жарандардын сөөгүн унаанын астынан чыгарып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.