Бишкекте жөө адамдар өтүүчү өтмөктө унаага секирип, алдынкы айнегин сындыра тепкен жарандын аты-жөнү такталууда. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Окуядагы жаран BMW үлгүсүндөгү унаа жөө өтмөктө токтобогондугу үчүн ушундай кадамга барган деген божомолдор бар. Учурда ыкчам иликтөө иш-аракеттери жүргүзүлүп жатканы кабарланды.