Социалдык тармактарга бир кыз экинчи кызды ур-тепкиге алган видео тарады. Анда видеонун автору окуя Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдында болуп жатканын айтат. Ал эми кыздардын бири экинчисин чачынан кармап, бетине, денесине тепкенин көрүүгө болот.
Бул окуя 7-майда орун алганын Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынан билдиришти.
"Аталган факты каттоого алынып, милиция тарабынан алдын ала териштирүү жүргүзүлгөн.
Текшерүүнүн жүрүшүндө видеодогу мушташып жаткан кыздар 2006-жылы туулган Модина жана 2003-жылы туулган Тазагүл экени белгилүү болду. Алар милиция бөлүмүнө алып келинген. Бирок экөө жакын курбу болгондуктан жабырлануучу эч кимге арыз-доосу жоктугун билдирип, соттук-медициналык экспертизадан өтүүдөн баш тарткан", - дешти мекемеден.