Чүй облусунун Токмок шаарында кудук казып жаткан 5 кишинин үчөө каза болуп, экөө жабыркаган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кудуктагы адамга аба жетпей калып, калгандары аны куткармакчы болгон.
Аталган окуя милиция тарабынан каттоого алынып, тиешелүү териштирүү иштери башталды. Бул туурасында Чүй ОИИББдин маалымат кызматы тарабынан белгилүү болду.
Маалым болгондой, 26-июнда Токмок ШИИБдин нөөмөт бөлүмүнө кудукка жергиликтүү тургундар түшүп кеткени кабарланган. Жерине ыкчам тергөө тобу барып, 18 метр тереңдиктеги кудукта иштеп жаткан 5 киши чыга албай калганы, арасында каза болгондор жана жабыркагандар бар экени такталган.
Учурда окуянын бардык жагдайларын тактоо боюнча териштирүү амалдары аткарылып, экспертизалар дайындалганын белгилешет башкармалыктан.