Баткендеги Сох дарыясынан сууга чөгүп кеткен 57 жаштагы кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кадамжай районуна караштуу Ак-Турпак айылында Сох дарыясына 1965-жылы туулган эркек киши түшүп кеткен. Жерине 13 куткаруучу тартылып, издөө иштери жүргүзүлгөн.
Натыйжада бүгүн, 29-июнда таңкы саат 6:20да жансыз дене табылып, туугандарына өткөрүлүп берилген.