Нарында 80 жаштагы эркек киши үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп, анын кийимдери Нарын дарыясынын жээгинен табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
29-июнда Нарын шаарынын 1942-жылы туулган Т.Ж. аттуу тургуну үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болгондугу тууралуу куткаруучуларга маалымат түшкөн. Аталган жарандын кийимдери Нарын дарыясынын жээгинен табылган.
"Жерине 5 куткаруучу тартылып, издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, кеч кирип кеткенине байланыштуу издөө иштери убактылуу токтотулган. Бүгүн, 30-июнда издөө иштери улантылат", - дешет мекемеден.