Кечээ, 29-июнда Ысык-Көлдөгү "Радуга" пансионатында болгон мушташ фактысы боюнча Ысык-Көл РИИБи кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мушташка катышкандарга 280-берененин негизинде кылмыш иши козголду. Буга чейин маалым болгондой, жаңжалга катыштыгы бар 18 адам тергөө бөлүмүнө алып келинген. Алгачкы тергөө иш-амалдарынын жүрүшүндө 11 адамдын мушташка түздөн-түз тиешеси бар экендиги аныкталган. Алардын ичинен 3 адам эс алуучу, калган 8 адам коопсуздук кызматынын кызматкерлери болгон.
Ал эми кечээги тергөөнүн жыйынтыгында мушташтын негизги себепкери 34 жаштагы М.Э. аттуу жаран экендиги аныкталып, убактылуу кармоочу жайга киргизилгени кабарланды.
Учурда тергөө иштери улантылып жатканы айтылды.