
Каракол шаарындагы "Актилек +" базарында өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, бүгүн, 2-июль күнү саат 07:10 чамасында базарда контейнер күйүп жатканы тууралуу 101 кызматына кабарланган.
Кырсык катталган жерге Каракол шаардык №15 Өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн 3 бригада тартылды. Өрт саат 7:55те чектөөгө алынып, азыркы учурда жеринде өчүрүү иштери жүрүүдө.
Тилсиз жоодон жабыркагандар жок. Ал эми контейнердин ичинде кийим-кече товарлары болгон. Азыркы тапта өрттүн келип чыгуу себеби жана чыгымдар такталууда.