1785-жылы 6-июлда доллар АКШнын улуттук акча бирдигине айланган. Америкалыктар эркиндик алгандан кийин англис фунтун же шиллингдерин колдонуу намыска тийчү көрүнүшкө айланган.
АКШнын мамлекеттик ишмери жана 3-президент Томас Жефферсондун сунушуна ылайык, Америка Кошмо Штаттардын Континенталдык конгресси бул күнү өлкөнүн акча бирдиги катары долларды кабыл алган.