Орусияда кызматкер мигрантты ичке уруп, жулкулдаткан видео тарады

Социалдык тармактарда кеңседе тейлөө көрсөтүп жаткан кызматкер белгисиз жаранды ичке уруп, жулкулдатып жаткан видео тарады.

Central asia басылмасы аталган окуянын видеосун бөлүшүп, "Орусиядагы миграция департаментинин кызматкерлеринин бири иш кагаздарын жүргүзүү учурунда мигранттын ичине чыканак менен уруп жатканы тартылган", – деп жазган.

Анда окуя болжолдуу төрдө Воронеж шаарында эмгек патентин берүү учурунда болгондугу айтылат. Бирок ал адам кайсы өлкөнүн жараны экени, Орусиянын миграция департаментинин кызматкери кимге күч колдонгону ачыкталган эмес.

Орусия: Кызматкер мигрантты ичке уруп, жулкулдаткан видео тарады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан