Орусияда маймыл чечеги оорусунун биринчи учуру катталды. Бул тууралуу РИА Новости басылмасы жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, вирус Европадан кайтып келген жарандан тастыкталган. Ошондой эле оору жеңил формада өтүп, оорулуу адамдын өмүрүнө эч кандай коркунуч жок экендиги белгиленди. Бейтап учурда изоляцияда, тагыраагы инфекциялык профилдеги медициналык мекемеде жаткандыгы айтылат.
Май айында дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө маймыл чечегин жуктуруп алгандар катталганы маалым болгон. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму бул илдетти жуктуруп алгандар жакын арада көбөйүшү мүмкүн экенин билдирген.
Маймыл чечеги кадимки чечектин бир түрү болуп саналат. Алгачкы жолу 1958-жылы маймылдардан аныкталгандыгынан улам ушинтип аталып калган.