Казакстанда бет кап тагынуу режими кирди

Казакстанда жабык жайларда жана коомдук транспортто милдеттүү түрдө бет кап тагынуу режими кирди. Бул туурасында казак басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматтарга караганда, эң оор эпидемиологиялык кырдаал Алматыда жана борбор калаада түзүлүүдө.

"Бейтап менен жакын байланышта болгон адам, ошондой эле эмдөөгө каршы көрсөткүчтөрү бар кызматкерлер жана кош бойлуу аялдар аралыктан иштөөгө которулушу керек. Жабык жайларда жана коомдук транспортто милдеттүү түрдө бет кап тагынуу зарыл. 10дон ашык адам катыша турган жыйындарды онлайн форматында өткөрүү сунушталат", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, өткөн суткада Казакстанда COVID-19 илдети 482 адамдан аныкталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан