NASA аэрокосмостук агенттиги "Джеймс Уэбб" космостук телескобу тарабынан тартылган ааламдын алгачкы түстүү сүрөттөрүн жарыялады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, сүрөттө галактикалар 4,6 миллиард жыл мурунку абалында көрсөтүлгөн. Галактикалар кластеринин бириккен массасы гравитациялык линзадай иштеп, алардын артындагы алда канча алыскы галактикаларды чоңойтуп көрсөтүп турат. "Джеймс Уэбб" телескобунун аспаптары аларды курч фокуста тартып, эң майда деталдарды көрүүгө мүмкүндүк бергени айтылат.
"Джеймс Уэбб" телескобу 2021-жылы декабрда космоско учурулган. Телескоптун үстүндө иштөө 1990-жылдардын аягында башталып, аны 2007-жылы ишке киргизүү пландаштырылган. Долбоордун бюджети 500 миллион доллардан 10 миллиард долларга чейин жеткен", - деп жазылат маалыматта.