Испанияда эки жылдык тыныгуудан соң өтүп жаткан Сан-Фермин фестивалдан 10 сүрөт

Испаниянын Памплона шаарында пандемияга байланыштуу эки жылдык тыныгуудан кийин салттуу Сан-Фермин майрамы өтүүдө. SUPER.KG порталы аталган фестиваль тууралуу кызыктуу маалыматтарды топтоп, андагы тартылган сүрөттөрдү окурмандарга сунуштайт.

Фестиваль 8 кылымдан ашык убакыттан бери жыл сайын 6-июлдан 14-июлга чейин өткөрүлүп келет. Фестивалдын негизги өзгөчөлүгү - адамдардын букалар менен тең жарышуусу же алардан качуусу болуп эсептелинет.

Фестивалдын ар бир катышуучусу моюндарына кызыл моюн орогучтарды оронушат.

Сан-Фермин майрамы үчүн июль айында жыл сайын Испанияга дүйнөнүн булуң-бурчунан бир миллиондон ашык турист келет.

Майрамдын башталышында испаниялыктар жана башка өлкөлөрдөн келген туристтер шаардын борбордук бөлүгүнө топтолуп, бири-бирине суу, айрым учурда вино да чачышат.

Бул фестивалдын эң кызыктуу учуру - 12 буканын адамдарды аралап чуркагандыгы болуп эсептелет.

Бирок оюн бир канча адамдардын курмандыктары менен жыйынтыкталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан