Түндүк Корея Донецк менен Луганск Республикаларынын көз карандысыздыгын тааныды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
"Донецк Эл Республикасынын эл аралык статусу жана анын мамлекеттүүлүгү бекемделүүдө. Бул биздин дипломатиянын дагы бир жеңиши. Биз Түндүк Корея элине Донбасстын тургундарына көрсөткөн олуттуу колдоосу үчүн ыраазычылык билдиребиз", - деген Донецктин башчысы Денис Пушилин.
Донецк менен Лугансктын көз карандысыздыгын таануу тууралуу маалымат Түндүк Кореянын Москвадагы элчилигинде да тастыкталган.
Буга чейин Сирия Донецк менен Лугансктын көз карандысыздыгын таануу чечимин жарыялаган.