Шри-Ланканын президенти кызматтан кетүү тууралуу арызын электрондук почта аркылуу жөнөттү

Шри-Ланканын президенти Готабаи Ражапакса кызматтан кетүү тууралуу арызын парламентке электрондук почта аркылуу жөнөттү. Бул туурасында дүйнөлүк басылмаларда жазылды.

Маалыматта билдирүүнүн аныктыгын тактоого аракеттер көрүлүп жатканы жазылат.

"Шри-Ланканын президенти Готабая Раджапакса парламент спикерине кызматтан кетүү тууралуу катын жөнөттү", - деп жазылган маалыматта.

Белгилей өтсөк, 22 миллионго чукул калкы бар Шри-Ланканын борбору Коломбодо 9-июлда митингчилер президенттин резиденциясын ээлеп алышкан.

Нааразычылык акциялары быйыл жыл башынан бери уланып келе жаткан. Өлкөнүн экономикасы эгемендүүлүк алгандан бери болуп көрбөгөндөй кризисти башынан кечирүүдө. Азык-түлүк, дары-дармекке болгон таңкыстык жаралып, өлкө тышкы карызын төлөй албай оор абалга кептелген. Өлкөсүн таштай качкан Шри-Ланканын президенти Готабаи Ражапакса Мальдив аралдарынан Сингапурга учуп барган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан