Орусиянын Новосибирск шаарында Тажикстандын жараны 17 жаштагы кызды бычактап салгандан кийин Мамлекеттик Думанын депутаттары Орусиядагы мигранттарга көзөмөлдү күчөтүү боюнча мыйзам долбооруна сунуштарды даярдап жатышат. Бул тууралуу "Россия либералдык-демократиялык партиясынын" телеграмм каналына жарыяланды.
"Кызды бычактаганга шектүү мурда ушул сыяктуу кылмышы үчүн соттолгон. 2019-жылы дагы бир кызга бычак менен кол салып, бул үчүн 4 жылга эркинен ажыратылган, бирок анын 1 жылын гана колонияда өтөгөн. Мындан тышкары, административдик жоопкерчиликке дагы тартылган. Ошол эле учурда маркум кыздын апасы полицияга үч жолу кайрылып, жигит кызын өлтүрөм деп коркутуп жатканын билдирген. Бирок эмнегедир мунун баары анын Орусиядан чыгарылышына себеп болгон эмес. "Россия либералдык-демократиялык партиясы" буга каршы.
Орусия меймандос мамлекет, бирок бизге кылмыштуулуктун кереги жок! Ал эми эмгек ресурстарына болгон муктаждык мындай кылмыштарга көз жумуп коюуга шылтоо боло албайт", - деп жазылды партиянын билдирүүсүндө.
Мындан улам аталган партия мигранттарды мажбурлап чыгаруу эрежелерин катаалдаштыруу жана алардын Орусияда болушуна көзөмөлдү күчөтүү боюнча мыйзам долбооруна сунуштарды даярдай турганын билдирди.
Мындан тышкары, коомдук талкуунун алкагында Орусияда 3 айдан ашык жүрүп, иштеген мигранттар үчүн өз каражаттарына квартал сайын милдеттүү түрдө наркологиялык экспертиза киргизүү талкуулаарын билдирди.
Буга чейин социалдык тармактарда Новосибирск шаарында жигит кызды кубалап келип жыгып, андан кийин бычактап салганы көпчүлүктүн үрөйүн учурган. Кийинчерээк шектүү Тажикстандын жараны экени белгилүү болгон.