Косовонун сербдер жашаган түндүк бөлүгүндө абал чыңалып, адамдар трассаларга тосмолорду орнотуп жатышат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Ал арада Косовонун бийлиги бүгүн, 1-августта Сербиядан келе тургандарга киргизилип жаткан жаңы эрежелерди 1-сентябрга чейин токтото турууну чечти. Буга чейин Косовонун өкмөтү июль айынын аягында 1-августтан тарта серб документтери анын көзөмөлүндөгү аймакта күчүн жоготорун жарыялаган. Косового барууну каалаган сербдерге кире бериште 90 күнгө чейин убактылуу күбөлүк берилмек. Ошондой эле жаңы эрежелерге ылайык Сербиянын авто номерлери Косового киргенде алмаштырылууга тийиш.
Мындай чечимден улам Косовонун түндүгүндө кырдаал курчуп, этникалык сербдер тосмолорду куруп, Сербия менен чек арадагы эки негизги жолду тосуп салды. Андан соң Косово өкмөтү АКШ жана Европа Биримдигинин өкүлдөрү менен өткөргөн сүйлөшүүлөрдөн кийин Сербиядан келе тургандарга киргизилип жаткан жаңы эрежелерден убактылуу баш тарткандыгы белгилүү болду. Учурда курчуган кырдаалга НАТОнун күчтөрү көз салып турат. Евро Биримдик менен НАТО маселени сүйлөшүү жолу менен чечиши керектигин айтышууда.
Белгилей кетсек, Косово мурда Сербиянын курамындагы автономиялуу республика болгон, бирок 2008-жылы көз карандысыздыгын жарыялаган. Аны БУУга мүчө 100гө жакын мамлекет, анын ичинде АКШ жана Евро Биримдик өлкөлөрүнүн көбү тааныган. Ал эми Орусия, Кытай жана Иран өңдүү мамлекеттер тааныган эмес. Сербия Косовонун көз карандысыздыгын тааныбайт жана аны өз аймагынын бир бөлүгү деп эсептейт. Косовонун негизги калкы албандар, бирок Түндүк Косоводо сербдер көпчүлүктү түзөт.