Америкалык эже-сиңди тиктокерлер бир жылда 17 миллион доллар тапты

2021-жылы айрым тиктокерлер дүйнөдөгү көрүнүктүү корпорацияларга караганда көп каражат табышкан. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Forbes журналы 4 миллион 500 миңден ашык катталуучусу бар ТикТок блогерлери Чарли жана Дикси Д'Амелио 2021-жылы канча каражат тапканын изилдеп чыгып, тиктокер эже-сиңдилердин кирешелерин чоң корпорациялардын кирешеси менен салыштырган.

Андагы маалыматта былтыр 2021-жылы эже-сиңди Чарли жана Дикси Д'Амелио ТикТоктон 17 миллион 500 миң доллар киреше тапкан. Ошондой эле кийим жарнамалоо, жарнамага тартылуудан кошумча 10 миллион доллар табышкан.

Тиктокер эже-сиңдилерге салыштырганда ExxonMobil аттуу нефть чыгарган компаниянын башкы директору Даррен Вудс 2021-жылы 15 миллион 600 миң доллар киреше тапкан. Ошондой эле кофе саткан белгилүү Starbucks компаниясынын ээси 2021-жылы тиктокерлерден аз киреше, тагыраагы 14 миллион 700 миң доллар тапкан.

Ал эми дүйнөдөгү эң ири тез тамактануучу ресторандар тармагы болгон McDonald'sтын ээси Крис Кемпчински 2021-жылы 10 миллион 800 миң доллар киреше тапкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан