Рамзан Кадыров Пелосининин Тайванга барышы боюнча билдирүү жасады

Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров дагы АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелосини отурган делген учак Тайванга учушуна көз салып отурат. Бул тууралуу ал өзүнүн телеграмм каналына жазды.

"15 мүнөттөн кийин биз улуу держава ким экенин көрөбүз. АКШбы же Кытайбы?" - деп жазды чечен лидери.

Учурда Пелосини болушу мүмкүн делген америкалык аскердик учак Тайванга жакындоодо. Ошол эле учурда япониялык NHK телеканалы Япониядагы базалардан АКШ аба күчтөрүнүн сегиз истребители абага көтөрүлгөнүн билдирди. Истребителдер Пелосини бар делген учакты Тайванга коштоп барары айтылды.

Буга чейин Кытайдын тышкы иштер министринин жардамчысы Хуа Чуньин Нэнси Пелоси Тайванга барса Кытай эң катаал чараларды көрөрүн билдирген.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан