Ысык-Көл облусунун Тору-Айгыр жана Чырпыкты айылдарынын ортосунда көлгө чөгүп кеткен 4 жашар кызды издөө иштери Тоң, Түп жана Жети-Өгүз райондорунда дагы жүрүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, көлгө чөгүп кеткен наристени издөөгө бүгүн, 7-августта 37 куткаруучу тартылган.
"Куткаруучулар көлдүн 5 тарабына бөлүнүп, иш алып барууда. Алсак Тору-Айгыр айылына 4 куткаруучу, Балыкчы аймагына 4 куткаруучу, Кочкор райондук №42 ӨКБдан 4 куткаруучу, Нарын райондук №16 ӨКБдан 5 куткаруучу, Бишкек шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынан 5 куткаруучу, суучулдар кызматынан 1 кызматкер (дрон менен) жана Тоң районунан 4 куткаруучу Кажы-Сай -Тосор аймагына, Түп райондук №34 ӨКБдан 5 куткаруучу Пристань Түп аймагына, Жети-Өгүз райондук №36 ӨКБдан 4 куткаруучу Чоң-Жаргылчак -Жеңиш аймагына бөлүнүп, издөө ишин жүргүзүүдө", - деп билдиришти ӨКМдан.
Эске салсак, 18-июлда 5 адамдан турган балалуу үй-бүлө көл жээкте эс алып жаткан кезде шамал болуп, көл бешөөнү тең баллондору менен кошо жээктен алыс тартып кеткен. Аларды кайыктагы жергиликтүү тургундар таап алышкан. Бирок 4 жаштагы кызды таппай калышкан.