Америкалык ырчы, актриса Бритни Спирс мурдагы күйөөсү Кевин Федерлайндын балдары эмне үчүн апасы менен жолуккулары келбей турганын айткан сөздөрүнө жооп берди.
Ырчынын мурдагы күйөөсү балдары 16 жаштагы Шон Престон менен 15 жаштагы Жейден Жеймс апасынын социалдык тармактарга жылаңач сүрөттөрүн жарыялаганына абдан катуу реакция кылышканын айткан.
"Мен аларга: "Мына, балким, бул анын өзүн көрсөтүүгө аракет кылган дагы бир жолу" деп айтам. Бирок бул алардын апасынын айынан уялып жатканын өзгөртпөйт. Бул алар үчүн оор", - деген 44 жаштагы Кевин Федерлайн.
Бритни Спирс өзүнүн Instagram баракчасында мурдагы күйөөсүнүн сөздөрүнө жооп кайтарды. Ырчы белгилегендей, Федерлайн аны менен болгон мамилесин балдарына айтканына капа.
"Өспүрүм балдарды тарбиялоо оңой эмес экенин баарыбыз билебиз. Мунун себеби менин инстаграммым экени мени тынчсыздандырат. Мунун баары Instagramга чейин эле башталган. Мен аларга баарын бердим. Мен сага бир нерсени айтайын: бул оору. Менден башка артисттер балдары кичинекей кезинде эле мындан дагы жаман иштерди кылышкан!", - деп жазды Спирс.
Бритни Спирстин Instagram баракчасында акыркы убакта мезгил-мезгили менен өтө ачык сүрөттөр жарыяланып келет. Жылдыздын күйөрмандары Спирстин мындай жүрүм-туруму мурдагы күйөөсүнө жооп экенин айтышкан. Болжолдуу түрдө ал өзүнүн денесин жана өмүрүн башкарууга өзү эле ээ экенин жана башка эч кимдин укугу жок экенин көрсөткүсү келген.