Акыркы суткада өлкөдө 12 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 4, Ош шаарында 1, Чүй облусунда 5, Жалал-Абад облусунда 1, Ош облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.
Өрт өчүрүүгө жалпы 13 бөлүм тартылган.