"Азия моллдогу" эвакуация: Бизнесмендин унаасынын астынан граната табылды (видео)

Бишкектеги "Азия молл" соода борборуна барган ишкердин унаасынын астынан граната табылды. Бул тууралуу журналисттерге ишкер өзү билдирди.

Жеке ишкердин айтымында, Asia Mall соода борборундагы унаа жуучу жайга унаасын таштап кеткен. Андан кийин анын айдоочусу унаанын астында граната бар экенин байкап калган.

"Унааны жууп жатканда алдынан зым салаңдап калыптыр. Эмне зым экен деп айдоочумду жөнөтсөм, унаанын алдында граната бар экен. Дароо эле милиция чакырдык", - деди ал.

Бүгүн, 11-августта "Азия молл" соода борборунда бомба бар делинип, ичиндеги адамдар эвакуацияланган.

"Азия моллдо" ишкер унаасынан граната табылганын айтты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан