Криштиану Роналду уулуна уюлдук телефон колдонууга тыюу салганын айтты

"Манчестер Юнайтеддин" чабуулчусу, атактуу футболчу Криштиану Роналду учурда 12 жаштагы уулун кандай адам кылып тарбиялагысы келерин чет элдик спорттук басылмалардын бирине айтып берди.

Роналдунун айтымында, ал уулун жөнөкөй жана эмгекчил адам катары көргүсү келет, ошондуктан аны адаштырган кээ бир нерселерди колдонууга жол бербейт.

"Албетте, мен ага ата катары баарын бергим келет. Бирок ошол эле учурда эмгектин баркын билсин дейм. Талыкпай эмгектенип, жупуну адам болушун каалайм. Уулумду бардык нерсе менен камсыз кыла алам, бирок ал көптөгөн кубанычтар үчүн курмандыктарга баруу керектигин түшүнсө дейм. Уулум уюлдук телефон алууга болобу деп тынбай сурайт. Мен ага жок деп айтам, али эрте", - деген 37 жаштагы футболчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан