Казакстан Январь окуяларында каза болгондордун тизмесин жарыялады

Казакстандын Башкы прокуратурасы Январь окуяларында каза болгондордун тизмесин жарыялады.

Аталган мекеменин сайтына 16-августта жарыяланган маалыматта буга чейин каза болду делген 238 адамдын аты-жөнү аталган. Алардын жаш курагы жана эмнеден улам көз жумганы тууралуу жазылган эмес.

Буга чейин Казакстанда Январь окуялары боюнча 545 адам соттолгону айтылган. Бул окуялардан улам өлкөдө 5 миңден ашуун сотко чейинки тергөө иштери катталган. Учурда 349 адам шектүү катары камакта отурат. Аларга карактоо, имараттарды өрттөө, курал-жарактарды уурдоо, мамлекеттик мекемелерге жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине куралдуу кол салууга катышкан деген өңдүү айыптар коюлууда.

Эске салсак, ушул жылдын январында Казакстанда суюлтулган газдын баасынын көтөрүлүүсүнө нааразы болгон эл көчөгө чыккан. Натыйжада массалык баш аламандык жаралып, күч органдары элге ок аткан. Анын кесепетинен кеминде 200дөн ашуун адам каза тапкандыгы айтылган. Бийлик сырткы күчтөр бийликти күч менен алмаштыруу аракетин жасап жаткандыгын жана тополоңду террордук күчтөр уюштурганын айтып чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан