Алматыда кыз 25-кабаттан секирди. Суициддин болжолдуу себеби айтылды

Коңшу Казакстандын Алматы шаарында кыз 25-кабаттан секирип каза болду. Астана телеканалынын маалыматына караганда, кыз Шымкент шаарынан Алматыга келип, жалгыз жашап жүргөн.

Кыздын суицидге барышына анын оорусу себеп болушу мүмкүн деп божомолдонууда. Маркумдун сумкасынан медициналык маалымкат табылган. Өлөр алдында кыз онкологиялык текшерүүдөн өткөн.

Ал эми коңшулары кыз жалгыз жашаарын, ага эч кандай дооматтары жок экенин билдиришкен. Коңшуларынын айтымында, маркум эч ким менен урушпай, тынч жашап келген. Окуяга күбө болгондор кыз алгач кыйкырып, андан кийин 25-кабаттан секиргенин айтышкан.

Полиция учурда иликтөө иштерин жүргүзүп, суициддин себептерин тактап жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан