Чыгыш Казакстан облусунун Риддер районунда түндө кар жаады. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазышты.
Маалыматка караганда, бийик тоолуу Чыгыш Казакстандын 1870 метр бийиктиктеги спорттук база жайгашкан аймакка жааган кардын сүрөтү интернет айдыңында талкууга алынган. Бул маалыматты Казакгидромети да тастыктаган.
"Риддерде жана метеостанцияда учурда кар жок. Тоолуу аймакта кар аралаш жамгыр жаап жатат. Бийик тоолуу аймак болгондуктан бул көрүнүш таң калычтуу эмес. Жакынкы күндөрү тоолуу аймактарда кар аралаш жамгыр жаап, үшүк жүрүшү күтүлөт", - деген Казакгидрометтен.