Орусиядагы жол кырсыгы: Касым-Жомарт Токаев Садыр Жапаровго көңүл айтты

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өлкө башчы Садыр Жапаровго жана кыргыз элине Ульяновсктогу жол кырсыгына байланыштуу көңүл айтты. Бул туурасында казак басылмаларында жарыяланды.

"Касым-Жомарт Токаев Орусиянын Ульяновск облусундагы жол кырсыгынан каза болгон Кыргыз жарандарынын туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат", - деп айтылат маалыматта.

Кечээ, 21-август күнү Ульяновск облусунда жол кырсыгы катталып, 16 адам каза болду. Алардын ичинен 14ү Кыргыз жараны. Мындан тышкары дагы 3 Кыргыз жараны - эки эркек, бир аял киши ооруканага түшкөн.

Өлкө башчы Садыр Жапаров ТИМге, ӨКМге, “Манас” эл аралык аэропортуна каргашалуу жол кырсыгында каза болгон кыргызстандыктардын сөөгүн мекенине жөнөтүү үчүн атайын борт уюштурууну тапшырган.

Эртең, 23-август Кыргызстанда жалпы аза күтүү күнү деп жарыяланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан