Бүгүн өлкөдө аза күтүү күнү

Бүгүн, 23-август - өлкөдө аза күтүү күнү. Президент Садыр Жапаров Орусиянын Ульяновск облусундагы жол кырсыгынан каза болгон мекендештердин жакындарына көңүл айтуу менен 23-августту аза күтүү күнү деп жарыялаган.

Белгилей өтсөк, 21-август күнү Ульяновск облусунда жол кырсыгы катталып, 16 адам каза болду. Алардын ичинен 14ү Кыргыз жараны. Мындан тышкары дагы 3 Кыргыз жараны - эки эркек, бир аял киши ооруканага түшкөн.

Өлкө башчы Садыр Жапаров ТИМге, ӨКМга, “Манас” эл аралык аэропортуна каргашалуу жол кырсыгында каза болгон кыргызстандыктардын сөөгүн мекенине жөнөтүү үчүн атайын борт уюштурууну тапшырган. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жол кырсыгынан каза болгондордун аты-жөнүн жарыялаган.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан