Бүгүн, 23-августта Орусиядагы каргашалуу жол кырсыгынан каза болгон 14 мекендешибизге багышталып Куран окулат. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.
“Өлкө аймагындагы мечиттерде бешим намазынан кийин жол кырсыгынан көз жумган мекендештерибиздин рухтарына багышталып Куран окулат. Ал эми муфтий Замир кары Ракиев 13:30да ордо калаабыздагы эски борбордук мечитте дин кызматкерлери тарабынан окулган хатм Куранды маркумдарга багыштап дуба кылмакчы”, - деп айтылат маалыматта.
21-август күнү Ульяновск облусунда жол кырсыгы катталып, 16 адам каза болду. Алардын ичинен 14ү Кыргыз жараны. Мындан тышкары дагы 3 Кыргыз жараны - эки эркек, бир аял киши ооруканага түшкөн. Маркумдардын сөөгү бүгүн болжол менен саат 18:00дө атайын борт менен Кыргызстанга алынып келинет.
Өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон улуттук аза күтүү жөнүндө жарлыкка ылайык, бүгүн 23-августта бүткүл Кыргызстан аза күтүүдө.