Каза болгон Кыргыз жарандарынын сөөгүн алып келүү үчүн атайын рейс Ульяновск шаарына учуп кетти

Ош шаарынын аэропортунан Орусиянын Ульяновск облусуна ири кырсыктын кесепетинен каза болгондордун сөөгүн алып келүү үчүн атайын рейс учту. Бул тууралуу "Манас" аэропортунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган учак Кыргызстандын убактысы менен болжолдуу 18:00дө "Ош" аэропортуна келип конот.

21-август күнү Ульяновск облусунда жол кырсыгы катталып, 16 адам каза болду. Алардын ичинен 14ү Кыргыз жараны. Мындан тышкары дагы 3 Кыргыз жараны - эки эркек, бир аял киши ооруканага түшкөн.

Өлкө башчы Садыр Жапаров ТИМге, ӨКМга, “Манас” эл аралык аэропортуна каргашалуу жол кырсыгында каза болгон кыргызстандыктардын сөөгүн мекенине жөнөтүү үчүн атайын борт уюштурууну тапшырган.

Бүгүн, 23-август Кыргызстанда жалпы аза күтүү күнү деп жарыяланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан