Бишкек-Ош унаа жолунун 390-чакырымында жол кырсыгы катталып, 2 өспүрүм көз жумду. Бул туурасында ӨКМ билдирет.
Анда айтылгандай, Subaru Outback үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдун четинде токтоп турган чиркегичти сүзүп алган. Кырсыктын кесепетинен 5 адам жабыркаган.
Куткаруучулар жеткенге чейин 4 адамды "Тез жардам" кызматы Кара-Көл шаардык ооруканага алып кетишкен, ал эми кыпчылып калган 1 адамды куткаруучулар чыгарып ооруканага алып барышкан. Абалдары оор.
Ооруканадан 2006-жылы туулган эки өспүрүм, К.М. жана К.Э. каза болушкан.