Орус-казак чек арасында кыргызстандыктар сабалып, унаалары талкаланды делген маалымат боюнча Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги түшүндүрмө берди.
Маалыматка ылайык, Саратов облусуна жөнөп кеткен Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин кызматкерлери "Озинки" өткөрмө бекетинде айдоочулардын ортосунда кезек күтүү тартибин сактабагандыктан чыр чыкканын аныкташкан.
"Кыргызстандыктар чек араны кесип өткөндөн кийин Саратов облусунун Ершово конушунун аймагында 3 унаа менен бара жаткан 10 жаранды мурда араздашкан жергиликтүү таксисттер тосуп алышкан. Натыйжада алар айдоочу жана жүргүнчүнү сабап, унаасынын айнектерин талкалап, дөңгөлөктөрүн жарып салышкан.
Жарандардын арасында оор жаракат алгандар жок. Баарына медициналык жардам көрсөтүлдү. Бул факты боюнча кылмыш иши козголду. Орусиянын укук коргоо органдары тарабынан кылмышкерлерди кармоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Кырдаалды Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги көзөмөлгө алды”, - деп билдиришти министрликтен.
Эске салсак, кечээ интернет айдыңында Орусиянын Казакстан менен чек арасына бара жаткан жолдо кыргызстандыктар сабалып, унаалары талкаланды делген видео тараган. Анда жабыркагандардын арасында алты жашар кыз бар экендиги айтылган.