Бишкек-Ош унаа жолунун 390-чакырымында катталган жол кырсыгында жабыркаган дагы бир өспүрүм көз жумду. Бул тууралуу Кара-Көл шаардык ооруканасына байланышканыбызда билдиришти.
Айтымдарында, кырсыктан жабыркап 6 жаран ооруканага кайрылган. Алардын ичинен бешөө жүргүнчү, бирөө айдоочу.
"Үч өспүрүм каза болду. Эки жүргүнчү комада. Алардын бири 15 жаштагы өспүрүмдүн башына операция жасалды. Айдоочу хирургия бөлүмүндө жатат", - деп билдиришти ооруканадан.
Буга чейин ӨКМ Subaru Outback үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдун четинде токтоп турган чиркегичти сүзүп, 5 адам жабыркаганын билдирген.