Супер фактылар: Популярдуулугу боюнча кофени артта калтырган көк чай тууралуу кызыктуу фактылар

Чай дүйнө жүзүндөгү эң популярдуу суусундук экени талашсыз. Ал кофени, пивону, керек болсо минералдык суу менен ширени артка калтырат.

Чайдын мекени Кытай өлкөсү болуп саналат. Уламыштарга караганда, императордун суусуна чайдын жалбырактары түшүп, анын даамы жана жыты жагып калган. Мындан улам чай пайда болгон. Ал эми кытайлардын айтымында, чыныгы чай болуп көк чай эсептелет. Супер фактылар рубрикасында дал ушул көк чай тууралуу кызыктуу бир канча фактыларды айтып беребиз.

1. Көк чай бардык чайлардын ичинен эң аз ферменттелгени. Бул анын бардык касиеттерин дээрлик баштапкы түрүндө сактайт дегенди билдирет. Мындан тышкары кайнатып жатканда ал бир гана пайдалуу компоненттерди берет;

2. Кытай көк чайы – адамга керектүү микроэлементтердин жана витаминдердин кампасы. Анда адамга өтө маанилүү йод, калий, жез, В жана РР витаминдери бар. Ал эми курамындагы С витамини боюнча цитрус жемиштеринен кем калышпайт;

3. Чайдын курамында катехиндер бар. Ал күчтүү антиоксиданттар болуп саналат;

4. Көк чай зат алмашууну нормалдаштырып, ашыкча салмак таштоого жардам берет;

5. Көк чайдын курамындагы полифенолдор рак клеткаларынын өөрчүшүн токтотот;

6. Көк чай кан диабети менен жабыркаган адамдардын канындагы канттын деңгээлин нормалдаштырат;

7. Баш ооруну басаңдатып, кан басымды калыбына келтирет;

8. Кан тамырларды бекемдейт, алардын майлуу катмарларын бузуп, атеросклероздун алдын алат;

9. Ашказан-ичеги жолдорун патогендик микробдордон арылтат;

10. Сасык тумоо менен күрөшүүгө жардам берет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан