Өзбекстандын Ташкент шаарындагы аэропортто жүргүнчүдөн крокодилдин 54 баласы табылды. Бул тууралуу Өзбекстандын жергиликтүү басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, кармалган жаран крокодилдин балдарын бир нече желим идиштерге, сабиз, лимон, банан жана башка жашылча-жемиштердин арасына катып койгон. Андан тышкары Бажы кызматкерлеринин сканеринен жашыруу үчүн крокодилдин балдары салынган желим идиштерди фольгага ороп койгон.
Учурда бул факты боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат жана жүргүнчүнүн Өзбекстанга крокодилдерди эмне себептен алып келгени такталууда.