Кремль Рамзан Кадыровдун отставкага кетүү тууралуу сөздөрүнө комментарий берди

Кремлге Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровдун отставкага кетүү тууралуу айткан сөздөрү жетти. Бул тууралуу Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдиргенин орус басылмалары жазышты.

"Чындыгында биз бул билдирүүнү окудук. Бирок анын билдирүүсү эч кандай ишке ашкан жок. Азырынча биз анын Чечен Республикасын жетектөөнү улантып жаткандыгына таянабыз", - деген Песков.

3-сентябрда Рамзан Кадыров видеокайрылуу жасаган. Кайрылуусунда ал президенттик кызматта көп жыл иштегенин түшүнүп жатканын, кетүү тууралуу ойлору бар экенин билдирген.

Кадыров 2016-жылдын февраль айында жана 2017-жылдын ноябрында ушундай эле билдирүүлөрдү жасаган.

Рамзан Кадыров 2007-жылдан бери Чеченстанды башкарып келет. Ал акыркы жолу 2021-жылдын сентябрында кайра шайланган, анын мөөнөтү 2026-жылы аяктайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан