Дубайда дүйнөдөгү эң ири технологиялык район курулат

Дубайда дүйнөдөгү эң ири технологиялык район курулат. Анын аянты 140 миң чарчы метрди түзүп, Urban Tech District деп аталат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышат.

Маалыматта айтылгандай, технопарк конференцияларды, тренингдерди, изилдөөлөрдү жана бизнес-инкубаторлорду өткөрүү үчүн мейкиндикти камсыздайт жана Аль-Жаддаф аймагында жайгашып, Дубайды шаардык инновациялардын борборуна айлантат.

"Бул долбоор шаардык технологиялык чечимдерди кыйла кеңири масштабда кеңейтет жана туруктуу шаарлар менен байланышкан эң маанилүү көйгөйлөрдү чечкен инноваторлорго инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү берет. Жаңы райондо 4000 жумушчу орун түзүлөт деп күтүлүүдө. Ошондой эле сунуш кылынган шаардык техникалык район адистештирилген институт болмокчу.

Иштеп чыгуучулардын айтымында, институт прикладдык изилдөөлөр аркылуу инновацияларды сынап көрүү мүмкүнчүлүгүн берет, ошондой эле мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүүгө салым кошот. Бул өз кезегинде дүйнөнүн туруктуу өнүгүүгө өтүүсүн тездетүүгө жардам берет", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан