Быйылкы жай мезгили Европанын тарыхындагы эң ысык мезгил болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышат.
Маалыматта айтылгандай, абанын температурасы былтыркы жылга салыштырмалуу 0,4°C градуска жогору болду.
"Август айында абанын орточо температурасы негизинен континенттин чыгышында катталып, июндан августка чейин түштүк-батышта орточо көрсөткүчтөн бир кыйла жогору болду. Европанын көп жерлеринде кургакчылыкка жана токой өрттөрүнө себеп болгон рекорддук ысык аба ырайы болду.
Ошондой эле климатологдор эгер глобалдык жылуулукка каршы күрөш жүргүзүлбөсө, Европа жайкы мезгилде кургакчылык жана өрт боюнча рекорддорду коюуну уланта берерин эскертип жатышат. Аптаптуу аба ырайынан улам бир катар өлкөлөр суунун тартыштыгына да дуушар болду. Рейн сыяктуу стратегиялык мааниге ээ болгон дарыяларда суунун деңгээли төмөндөп, кеме жүрүүсүнө өтө терс таасирин тийгизди", - деп айтылат маалыматта.