Украинанын эки облусунда электр жарыгы толугу менен өчтү

Украинанын түндүк жана чыгыш аймактарынын бир бөлүгүндөгү аба соккусунан улам электр жарыгы өчүп калды. Бул тууралуу Украинанын жергиликтүү басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, аба соккусунан улам Харьковго жакын ЖЭБ-5 иштебей калган. Бул ЖЭБ орнотулган электр кубаттуулугу боюнча Украинадагы экинчи ЖЭБ.

Объектке жасалган чабуулдун натыйжасында Харьков жана Донецк облустары толугу менен, Запорожье, Днепропетровск жана Сумы облустары жарым-жартылай электр жарыгысыз калды.

Мындан улам Украинанын бир нече шаарына поезддер кечигип жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан