"Бийиктиги 224 метр". Дубайда өзгөчө дизайндагы мейманкана курулат

Дубайда баасы 5 миллиард долларды чапчыган Moon Dubai мейманканасы курулат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматта айтылгандай, ал Айдын формасында курулмакчы. Мындай уникалдуу дизайнды канадалык Moon World Resorts архитектуралык компаниясы иштеп чыккан. Мейманкананы 48 айда куруп бүткөрүү пландалып жатканы айтылат. Анын бийиктиги 224 метрди түзүп, жылына 10 миллион конокту кабыл алууга ылайыкташат.

"Болжол менен 300 батир сатыкка берилет. Ошондой эле батирлерди сатып алган ээлери аталган мейманкананын эксклюзивдүү клубунун мүчөсү боло алышат", - деген долбоордун авторлорунун бири Майкл Хендерсон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан