Apple компаниясы iPhone 13 жана iPhone 13 Pro Max смартфондорун сатыкка чыгарууну токтотту

Америкалык Apple компаниясы мурдагы жылы чыккан смартфондорду сатууну токтотту. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматта айтылгандай, сатыктан алынган смартфондордун катарында iPhone 13 Pro жана iPhone 13 Pro Max, ошондой эле iPhone 11 жана iPhone 12 mini бар.

"Аталган гаджеттер кампадагы запастар түгөнгүчө гана сатылат. Андан кийин бул смартфондор өндүрүлбөйт. Мындай чечим жаңы чыгарылган смартфондорду сатуу максатында кабыл алынган. Себеби жаңы смартфондор сатыкка чыкканда мурдагы жылы чыккан гаджеттердин баасы төмөндөйт. Мындан улам көпчүлүк былтыркы телефондорду сатып алары бышык", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле маалыматта Apple компаниясы 5G түйүнү камтылган iPhone 14, iPhone 14 Plus, iPhone Pro, iPhone Pro Max, iPhone 13, iPhone 13 mini, iPhone 12 жана iPhone SE смартфондорун гана чыгара турганы айтылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан