Елизавета II каза болгондон кийин ханзаада Уильям жана Кейт Миддлтон миллиардер болушту

Улуу Британиянын ханышасы Елизавета II каза болгондон кийин небереси, ханзаада Уильям жана анын жубайы Кейт Миддлтон миллиардер болушту. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышат.

Маалыматка ылайык, учурда жубайлар Англиянын жана Уэльстин 20 округунда болжол менен 128 миң акр (акр - жер өлчөмү) жерге ээлик кылышат, алардын айрымдары Дартмур улуттук паркын камтыйт.

"Эми алар Дартмурдагы абакка, крикет ойноочу аянтка, Корнуолдогу чоң бакчага ээ болушту", - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 8-сентябрда ханыша Елизавета II 96 жашында каза болгон. Ошол эле күнү маркум ханышанын уулу ханзаада Чарльз Карл III деген ат менен Улуу Британиянын падышасы болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан