Украинанын президенти Володимир Зеленськийдин кортежи Киев шаарында кырсыкка учурады. Бул тууралуу анын басма сөз катчысы Сергей Никифоров жергиликтүү басылмаларга билдирген.
Маалыматта айтылгандай, Киев шаарында президент бара жаткан кортежди жеңил унаа сүзүп алган. Жеңил унаанын айдоочусун "Тез жардам" кызматы алып кеткен. Ал эми Зеленський жаракат алган эмес. Учурда автокырсыктын бардык жагдайлары текшерилүүдө деп айтылган маалыматта.